• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

5-6-октябрда жабыркаган 8 кишинин көзүнө протез салынат

7 Үчтүн айы 2021 11:43 Бишкек Govori.TV

5-6-октябрдагы окуяларда көзүн жабыркаткан сегиз кыргызстандыкка протез салышат. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 5-6-октябрындагы окуяларда жабыркаган жарандар өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө турат.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын декабрь айынын башында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлери Эльвира Сурабалдиева жана Максат Мамытканов 2020-жылдын октябрь окуяларында жабыркаган жарандар менен жолугушкан.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча ар бир жабыркаган жарандын ден соолугун көзөмөлдөй турган медициналык мекеме аныкталган. Учурда 22 адам амбулатордук дарылоодон өтүп, дарыгерлердин тийиштүү кеңештерин алууда.

Макулдашуулардын алкагында жакынкы мезгилде Түркия Республикасынын дарыгерлери 8 жарандын көздөрүн протездөөнү жүргүзөт.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында жабыркаган дагы бир жарандын көзүнө татаал операция жасалат, аны да Түркия Республикасынын дарыгери өткөрөт.
2020-жылдын декабрь айынын соңунда жабыркагандардын бирине ортопедиялык протез сатып алууга жардам көрсөтүлгөн. Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева ал үчүн өз айлык маянасын которуп берген.

Жакында 5-6-октябрдагы окуяларда жаагы сынган 51 жаштагы аялга жардам көрсөтүлгөн. Ал учурда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургиясы бөлүмүндө дарыланууда.

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиеванын тапшырмасы боюнча октябрь окуяларында жабыркаган жактардын кайрылууларын кароо үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн, аны саламаттык сактоо министринин орун басары  Мадамин Каратаев жетектейт. Комиссия жарандардын майыптыгын аныктоо маселесин карайт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилегендей, октябрь окуяларында жабыркаган бардык жарандарга зарыл болгон медицинналык көмөк көрсөтүү улантылат.

Количество просмотров: 202