• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

5-декабрь, Күндүн ыргагы: Кара жолго Атамбаевдин атын бергиси келген Акаевдин аспирантынан тарта 8 кабат үйдүн чатырына чыгып кеткен Саакашвилиге чейин…

5 Бештин айы 2017 19:18 Бишкек Govori.TV

Казакстанда Алматы шаарынын эң чоң Фурманов көчөсүн президент Нурсултан Назарбаевдин атына өзгөрткөнүнөн көп өтпөй бүгүн 5-декабрда  Жогорку Кеңеш депутаты Кубанычбек Жумалиев жаңы курулуп жаткан Түндүк-Түштүк альтернативалык жолуна экс-президент Алмазбек Атамбаевдин атын ыйгарууну сунуштады.

Буга чейин дагы бир депутат Сайдулла Нышанов Алмазбек Атамбаевге Кыргыз Эл Баатыры наамын ыйгарууну сунуштап чыккан. Жаңы шйланган президент Сооронбай Жээнбеков эң алгачкы буйругу менен Алмазбек Атамбаевге Кыргыз Эл Баатыры наамын жана Акшумкар орденин ыйгарган. Депутат Кубанычбек Жумалиевдин сунушу ишке ашабы же жокпу убакыт көрсөтөр. Буга чейин Кыргызстандын узун кара жолдоруна адам аты ыйгарылган эмес.

2004-жылы революция жолу менен бийликке келген Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили кайрадан дүйнөнүн көңүл чордонунда. Украин жарандыгын берип, Одесса облусуна губернатор кылып дайындаган бир кездеги чогу окуган досу Петр Поршенкого каршы чыгып, импичмент жарыялоо демилгесин көтөргөн грузин-украиналык саясатчыны Украина укук коргоо органдары экс-президент Виктор Януковичтин айланасындагы адамдар менен байланышып, акыркы мезгилдеги Киевде өтүп жаткан митингдерди уюштуруп жатат деген шек менен үйүн тинтүүгө алган. 8 жыл президент болгон Саакашвили үйүнүн терезеси аркылуу 8 кабат үйдүн чатырына чыгып кетип топтолгон тарапташтарына аны кармап кетүүгө жол бербөөгө чакырып турду.

Бир канча мүнөттө колго түшкөн Саакашвилини алып кетүүгө топтолгон тарапташтары жол берген жок. Атайын кызматтын көргөн аракетине карабастан Михаил Саакашвилини тарапташтары укук коргоо органдарынын колунан бошотуп алды. Колуна үзүлгөн кишен тагынган Саакашвили бардык украиналыктарды кайрадан Майданга чогулууга чакырды. Окуя учурда Киевде өнүгүп жатат…

Ош шаарында мушташтын айынан каза болгон студенттин өлүмүнө байланыштуу алты жигит кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кармалган балдардын экөө эч жерде окуп, иштебейт, тѳртѳѳ Ош технологиялык университетинин студенттери. Алар 15, 16, 18 жана 25 жашта.Ал эми каза болгон студент Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну, Оштогу окуу жайлардын биринде 1-курста окуган Дѳѳлѳтбек Саатбек уулу болуп чыкты.Кармалган жигиттердин кѳрсѳтмѳсүнѳ караганда Саатбек уулу мас абалында келип аларга жаңжал салып, андан соң тигилер аны токмоктоп салышкан. Чатактан улам Дѳѳлѳтбек Саатбек уулу каза болгон. Окуя 3-декабрь күнү Ош шаарынын Насирдин Исанов кѳчѳсүндө болгон.

Бир канча күндөн бери чуу жаратып жаткан Чубак ажы бүгүн фэйсбуктагы баракчасына көлөмдүү билдирүү жайгаштырды.

“Мага байланыштуу иш кылмыш кодексинин 153-беренесине туура келбейт. Мыйзамга ылайык эки аял менен бир үйдө баш калкалаганга жана бир чарба жүргүзүүгө болбойт. Эгер ошондой болсо, анан аялдардын бирөө арыз жазса, ошондо гана жоопко тартылат. Менин окуя мтакыр башкача деди”,-диний ишмер.

Ошондой эле ал балдарынын апасы, мыйзамдуу жубайы Гульнур ооруп жатат деген маалыматты  четке какты.

“Жубайымдын дени-карды соо. Негизи менин жашоомдо үч аял бар. Бирөө чоң апам Уруяткан, бирөө апам Гүлжамал, бирөө жубайым Гүлнур”-деди Чубак ажы Жалилов.

Экс-муфтий 6-декабрда аны колдогондор Ак үйдун алдына митингке чыгат экен деген маалыматка токтолуп, бул чагымчыл адамдар таратып жаткан маалымат. WhatsApp аркылуу тарап жаткан бул маалыматка менин эч кандай тиешем жок. Кыргыз элимди тынчтыка гана чакырам деди диний аалым.

 

 

Количество просмотров: 30