• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

5-февраль. Күндүн ыргагы. Атамбаевдин көчүн бурган Жээнбеков… Бажыда саатына 500 миң сом уурдалган….Баласын депкир менен башка чапкан келин…

5 Бирдин айы 2018 19:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 05.02. 2018.  Govori.TV

Керегем сага айтам, келиним сен ук…

Бүгүн, өлкө Президенти Сооронбай Жээнбеков  “24. kg” басылмасы менен соттошуп жаткандагы 5 млн. сомдук материалдык доосунан баш тартып, кечиримдүүлүгүн көргөздү. Бул тууралуу билдирүү бүгүн коомчулуктун өчүп бара жаткан билигине май тамызгандай эле таасир калтырды. Керек болсо кечээки ТЭЦтеги авария да бир аз унутта калып, соцтармактарда, маалыматтык агенттиктерде президенттин басма сөзгө болгон мамилесине, айкөлдүгүнө суктанып жаткандар арбыды.

Ал тургай өлкөнүн Акыйкатчысы Кубат Оторбаев да “Мен Сооронбай Шариповичтин 24.kg агенттигине карата материалдык доосунан баш тартканын колдойм. Анын чечими биздин институтка абдан чоң үмүт жандырды. Бул бизде сөз эркиндиги боюнча ахыбалда көптөгөгн маселелер пайда болуп турган маалда өз учурунда жасалган чоң коңгуроо болду.  Мен мындан ары да ММКлар менен соттошуп жаткан саясатчылар же башкалар Сооронбай Шариповичтен үлгү алат деп үмүттөнөм“,-деди кубанганын жашырбай.  Анын сөзүнөн алганда, азыр ММКлар менен көп соттошуп, миллиондогон айыптарды салып, соттордо жеңип, учурда доолорду өндүрүүнү шатырып жаткандардын эң башында экс-президент Алмазбек Атамбаев турат. Демек, башкы укук коргоочу деле ачык айтпаганы менен башка саясатчылар менен бирге экс-президентке карата сылык сунушун жолдоду көрүнөт.

Шералы Назаркуловдун окуясы эске түшөт…

Ушу тапта камакта жатып, шаардык сотто кылмыш иштери каралып жаткан саясатчылар Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыровдордун абалы оор. Анткени, алар соттордун акыйкатсыздыгынан улам, ачкачылык акциясын кармап, №47-абакта “УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев кызматынан кетсин же биз өз жаныбызды курмандыкка чалабыз” деген катуу талап менен отурушат. Алардын актоочулары саламаттыгы кескин начарлап жаткандыгын, бийлик башындагылар адам укуктарын тебелебей, тиешелүү чара көрүү керектигин айтышууда. Бүгүн, ал жерде коомдук активисттер митинг уюштуруп, саясий куугунтукту токтотуп, сот адилеттигин орнотуу, камактагыларга укугуна жараша чара көрүү чакырыгын ташташты.

Абактагылардын абалы менен таанышып чыккан Акыйкатчынын өкүлү Алберт Колопов болсо үчөөнүн тең абалы оор экенин, айрыкча Кубанычбек Кадыровдун кан басымы 160тан өйдө болуп, кыйналып жатканын, Карыбековго таптакыр эле ачкачылык кармоого болбой турганы айтылса да көшөөрүп жатканын айтты. Операциядан кийин өзүнө жакшы келбеген Бектур Асановдун абалы деле чеке жылытаарлык эмес экен. “Биз сотко бара албайбыз, анткени, ал жерде чыдап отурууга, денсоолугубуз жол бербейт. Ошондуктан отурумдарды жылдыра турууну сурансак, “анда баш тарттык” деп жазып бергиле деп мажбурлашат. Бул мыйзам бузуу! Соттор УКМКнын башчысынын гана буйругун аткарып жатышат, ошондуктан, ал кызматтан кетсин” деп, талаптарын айтышыптыр, алар Акыйкатчынын өкүлүнө. Башкы укук коргоочу институт болсо эртең бул боюнча билдирүү тарата турганын билдиришти.

Бажы тармагы байытабы?

Баарынан да сүйүнүчтүү жаңылыктар бүгүн КРнын Бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматовдун оозунан чыкты. Анын Өкмөт башчы Сапар Исаковдун кабыл алуусундагы маалыматтарына таянсак, 2018-жылдын январында кыргыз бажысынан 2,8 млрд. сомдон ашык каражат чогулду. Бул пландалгандан 907,3 млн. сомго көп экен.

Анын айтымында, “Бажы кызматынын маалыматы боюнча бир ай мурда Борбордук бажыдан күнүнө 30 млн. сом акча түшсө, учурда ал эки эсеге көбөйгөн. Ош бажысынан түшкөн каражаттардын көлөмү он эсеге өскөн. Аталган бажы буга чейин 1,5-2 млн. сом чогулса, учурда күн сайын 15 миллион сом түшүүдө”,-деп билдирди бажы башчы.

“Ош бажысында учурда күн сайын 15 млн. сом чогулуп жатат. Былтыр бул күндөрү болгону 6-7 млн. сом чогулуп жатат. Биздин бул тармактагы аракеттерибиз өз жемишин бере баштады”,-деген Кубанычбек Кулматов. Анын бул сөзүнөн кийин соцтармактарда “Райим миллион” каймана аты бар мурдагы Бажы кызматынын орун басары Райим Матраимов кызматтан алынгандан кийин ушундай абал жакшырса, демек, ал миллионер эмес миллардер экен да…” деген пикирлер жазыла баштады. Ал эми өзүн Исмаил Мамытов деп атаган жаран фейсбук баракчасына  “Ош бажысында күн сайын 13 миллион сом сол чөнтөкө кетип турган экен. 24 сааттын ичинде 186 миң доллар! Саатына 541 миң 667 сом, СЕКУНДАСЫНА 9 000 сом. Мугалимдин бир айлык маянасын, ата-апаларыбыздын 2 айлык пенсиясын 1 СЕКУНДДА жеп коюшкан. 1,2,3,4,5 деп санаганча 45 миң сомду жутушкан. Өлкөнү өнүктүрүүгө кытайлардан миллиондогон карыздарды албай эле кампаны кемирген келемиштерди капканга салсак гана…”,-деген арифметика аралаш ачуу сөзүн жазды. Албетте, чындап ээле буга чейин чылгый коррупция каптаган болсо, анда Башпрокуратура ошол экстердин үстүнөн иш козгоп, эсеп-чотту  кагыш керек го?!

Таш боор энелер түгөнбөйт экен…

Ош шаарынын 24 жаштагы тургуну, жалгыз бой келин 2,5 жашар Бексултан атуу баласын темир депкир менен башка-көзгө койгулап, чала жан наристе ооруканага жаткырылгандыгы тууралуу кеп коомчулукту нес кылды.

Болгону шымына заара ушатып койгондугу үчүн апасынан катуу таяк жеген наристенин боору эзилип, баш мээси чайкалып, комага түшүп калганын врачтар өкүнүү менен айтып жатышат. “Келин болсо мурда урчу эмесмин, күйөөм менен ажырашып,эжемдикинде турчу элем, эмне болуп кеткенин билбей калдым, катуу чаап жиберген экенмин” деп, укук коргоо органдарынын алдында көрсөтмө берди. Ага “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши ачылып, өзүн Ош ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына камашты.  Тилекке каршы, Кыргызстанда мындай окуялар кез-кези менен катталып, эне-атасынан токмок жеген балдар ден-соолугуна олуттуу зыян табышат.  Айталы, өткөн жылдын аягында эле Бишкекте музга тайгаланып жыгылган баласын топтой тепкен атага кылмыш иши ачылып, бирок, баланын апасынын кийлигишүүсү менен жоопко тартылуудан кутулган эле.

Прокурорлор соттон Салянованы 8 жыл сурады

Бүгүн, Бишкек шаардык сотунда депутат Аида Салянованын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча отурум өтүп, анда прокурорлор мурдагы башпрокурорду 8 жылга эркинен ажыратууну суранды. Алардын позициясы боюнча буга чейинки Ленин райондук соту тарабынан чыгарылган чечим ашкере жумшак болуп калган. Эми булар Аида Салянованы 8 жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоону соттон суранып жатышат.

Сот отуруму болсо толугу менен саясий басым катары өтүп, сот Ирина Воронцова айыпталуучун актоочуларына мүмкүнчүлүктөрдү бербей, мыйзамда каралган тыныгуу убакыттарын жоюп, түкнү саат 22:00гө чейин ишти кароону улантууда.

 

Количество просмотров: 15