• Шаршемби 28 Аяк оона 2022
  • Среда 28 Сентябрь 2022

5-кабатта асылган кыз куткарылды (видео)

7 сентября 2022 в 9:10 Бишкек Govori.TV

Ташкент облусунуна караштуу Сергели районундагы көп батирлүү үйдүн 5- кабатында асылган 14 жаштагы кыз куткарылды. Бул тууралуу Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, 6-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:47де Ташкент шаардык өзгөчө кырдаалдар башкармалыгына Сергелиде жайгашкан көп батирлүү үйдүн бешинчи кабатында өспүрүм кыз асылып турганы жөнүндө кабар келген.

Окуя болгон жерге куткаруучулар келип, кызды атайын техниканын жардамы менен аман алып калышкан. Кыз эмне себептен мындай кадамга барганы айтылган жок.

Количество просмотров: 141

Элдик курултай эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө боло алабы?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда