• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

5-класстын окуучусу вице-мэрдин ордуна жыйын өткөрдү (сүрөт)

21 Жетинин айы 201916:34 Бишкек Govori.TV

Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров бүгүн, 21-ноябрда С.Киров атындагы мектеп-гимназиясынын 5-классынын окуучусу Нурсултан Мамажановду кабыл алды.

Жолугушуунун алкагында вице-мэр Нурсултанды иш бөлмөсү менен тааныштырып, жакынкы аралыкта өтө турган ири иш-чаранын жүрүшү боюнча тиешелүү кызматкерлер менен биргеликте жыйынга катышууга чакырды.

Ал эми 5-класстын окуучусу Нурсултан мектеп окуучуларын уюлдук телефондордогу оюндарга азгырылбай, билимге умтулууга үндөдү.

Кошумчалай кетсек, жыйынга ЮНИСЕФтин Оштогу өкүлү Эрадж Каниев да катышты. Аталган иш-чара ЮНИСЕФтин Оштогу өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен 20-ноябрь “Бүткүл дүйнөлүк балдар күнүнө” карата уюштурулган.

Количество просмотров: 546