Эртең, 5-октябрда өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн +3…+8, күндүз +13…+18,
Талас облусунда түнкүсүн -1…+4 күндүз +11…+16,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +18…+23,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +14…+19,
Нарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +13…+18,
Бишкек шаарында түнкүсүн +5…+7, күндүз +16…+18 градус болот.