6-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29,
Таласта түнкүсүн 3…8, күндүз 22…27,
Ош, Баткен, Жалал-Абадда түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25,
Нарында түнкүсүн 2…7, күндүз 22…27 градус.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 26…28 градус.