• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

5-сентябрга карата аба ырайы

4 Аяк оона 2023 14:56 Бишкек Govori.TV

Эртең, 5-сентябрда өлкөнүн тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24,

Таласта түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21,

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21,

Бишкекте түнкүсүн жана эртең менен жаан жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 22…24 градус жогору болот.

Количество просмотров: 346