• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

50 млн сомдук дары-дармек Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жаткан

22 Үчтүн айы 2024 12:36 Бишкек Govori.TV

Дары-дармектердин мыйзамсыз ташылып келүүсүнүн ири партиясына бөгөт коюлду.

УКМКнын маалыматына ылайык, учурда бул багытта тергөө иштери уланууда.

«Атайын кызмат тарабынан Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын жардамы менен эсепке алынбаган товарлар менен иштөө боюнча, республикалык бюджетке зыян келтирген кылмыштардын бетин ачууга жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын уюштуруунун натыйжасында 18-январда «Ак-Тилек-унажолу» чек ара тилкесинде жүк ташуучу документтери ишенимсиз «Вольво» үлгүсүндөгү унаа кармалган, анда айыл чарба буюмдарына жамынып, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды алып келүүгө жана Кыргызстандын салык органдарында каттоого турууга тиешелүү документтери жок, баасы 50 млн сомдон ашык 450 ящиктен турган кымбат баалуу дары-дармектердин ири партиясы табылган», — деп жазылат маалыматты.

Количество просмотров: 73