Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан дарыканадагы баңгиликке каршы профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
19-сентябрда Ош шаарынын Ленин көчөсүндөгү борбордук базардын аймагынан 57 жаштагы М.Б. аттуу жаран кармалган. Анын жанынан кара жана көк баштыктарга таңгакталган дары-дармектердин ири партиялары 80 кассета (лирика) жана 100 флакон (көз тамчылары) табылган, алардын жалпы баасы 195 000 сомду түзөт. Ал дары-дармектерди дарыгердин көрсөтмөсү жок эле сатууну көздөгөн.
Кармалган жаран жана алынган дары-дармектер Ош шаардык ИИБнын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Учурда аталган факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.
Бул иш-чаралардын негизги максаты дары-дармектердин мыйзамсыз жүгүртүлүшүн болтурбоо жана өспүрүмдөр арасында дарыканадагы баңгиликке жол бербөө болуп саналат.