Мамлекетке өткөн «Айдан фарма» фармацевтикалык заводуна бүгүн Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев барды.
Министр завод медициналык этил спиртинин 95% чыгарып жатканын, жакында 50 аталыштагы дары-дармектерди чыгара баштаарын айтты. Бул иштер импорттук дары-дармектерден көз карандылыкты азайтуу үчүн жасалып жаткандыгын кошумчалады.
«Кыргызстанга ушул тапта кирген дарылардын 90% импорттук продукциялар ээлейт. Ошондуктан азыр дары жана медициналык каражаттарды чыгара турган өз өндүрүшүбүз зарыл, — деп белгиледи Бейшеналиев.
«Айдан фарма» жабык акционердик коомуна Өмүрбек Асанов жаңы директор болуп дайындалды. Бул заводду модернизациялап, жаңы технологияларды киргизүү, чыгарыла турган продукциялардын ассортиментин көбөйтүү иштери жасалмакчы.