• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

54 адамдан COVID табылып, 3 бейтап көз жумду

16 Бирдин айы 20229:14 Бишкек Govori.TV

 Кыргызстанда 16-февралга карата коронавирус 54 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Жаңы учурлар:

  • Бишкек шаарында – 25;
  • Ош шаарында – 2;
  • Чүй облусунда – 9;
  • Талас облусунда – 2;
  • Ысык-Көл облусунда – 6;
  • Жалал-Абад облусунда – 10.

Акыркы суткада 207 адам илдеттен сакайып чыкты, үч бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 378 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 910 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 175 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 193 миң 385 киши айыгып чыкса, 2 миң 935 адам каза болду.

Количество просмотров: 61