• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

55 миң долларды алдап кеткен эргул

3 Бештин айы 202414:50 Бишкек Govori.TV

Ленин РИИБдин кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

2024-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарынын Ленин РИИБге Д.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда У.Т. аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган. Ал 2024-жылдын 28-октябрында анын ишенимине кирип, биргелешкен бизнес ачуу шылтоосу менен, тактап айтканда «iPhone 16 Pro Max» үлгүсүндөгү уюлдук телефондорду сатып алуу жана сатуу максатында 55 миң АКШ долларын алган соң, убадасын аткарбай изин жашырып кеткен.

Бул факт боюнча Ленин райондук ИИБнын Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2000-жылы туулган У.Т. аттуу шектүү милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, Тергөө кызматына жеткирилген. Ал КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бишкек шаарынын Ленин райондук соту шектүүгө карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын кабыл алып, ал 2 айга Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камалган.

Учурда анын ушуга окшош кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендиги аныкталууда.

Урматтуу жарандар! Эгерде сиз бул кылмышкердин мыйзамсыз аракеттеринен жабыркасаңыз, төмөнкү номерлер аркылуу кабарлап коюңуздарды суранабыз: +0 (508) 202 066, 0 (709) 753 737 же 102.

Тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 130