• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

56 жыл өлүм жазасын күткөн жапон акталды

27 Аяк оона 202411:16 Бишкек Govori.TV

Жапониянын соту 1968-жылы өлүм жазасына кесилген Ивао Хакамаданы күнөөсүз деп тапты. Ага жетекчисин, аялын жана эки баласын өлтүрүп, үйүн өрттөп жиберген деген айып тагылган.

Хакамада тергөөчүлөр жасабаган кылмышты кыйноо алдында моюнуна алдырышканын айткан.

Ал өлүм жазасын 56 жыл күткөн. 2014-жылы ишти кайра кароого жана Хакамаданы бошотууга алып келген жаңы фактылар пайда болгон.

Он жылдан кийин, 26-сентябрда сот анын күнөөлүү экенин тастыктаган далилдер ойдон чыгарылган деп тапты. Тактап айтканда, соттун чечиминде Хакамада кыйноо алдында жасабаган кылмышты мойнуна алууга аргасыз болгондугу жана кандуу кийимдердеги ДНК айыпкердин ДНКсына дал келбегендиги айтылат: тергөөчүлөр аны канга боёп, окуя болгон жерге таштап коюшкан.

Узак мөөнөткө абакта отурганда саламаттыгы начарлап кеткен 88 жаштагы Хакамада соттун чечимин жарыялоого катышкан эмес. Кайрадан териштирүү учурунда анын кызыкчылыгын улуу эжеси, 91 жаштагы Хидеко Хакамада коргогон.

Количество просмотров: 145