Бишкек.15.01.18 Govori.TV
Ош аэропортун түндөтөн бери каптаган коюуу туман тарап, учактар кайрадан учуп коно баштады. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү блогондой учурда туман тарап, «Ош» аэропорту кадимкидей эле иштеп жатат.
Эскерте кетсек, түштүктөгү аэропорттун иши кечээтен бери туруксуз аба ырайынан улам үзгүлтүккө учураган.