• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

6 адамдын өмүрүн алган өрт эмнеден чыккан?

22 Тогуздун айы 202516:07 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ош шаарында алты адамдын өмүрүн алган өрт кырсыгы алдын ала маалымат боюнча үйдө электр жылыткычын колдонуудан чыкканын билдирди. Турак жай оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан.

Расмий маалыматка ылайык, 22-октябрда болжол менен саат 03:30да Ош шаарынын Орозбеков көчөсүндөгү №26 турак үйдүн жер төлөсүнөн өрт чыккан. Маалымат ӨКМге саат 05:56да түшүп, 06:04тө Ош шаарынын өрт өчүрүү бөлүмү окуя болгон жерге жетип, саат 06:25те өрт чектөөгө алынып, 09:46да толук өчүрүлгөн. Өрттүн аянты болжол менен 280 чарчы метрди түзгөн

Кырсыктын кесепетинен алты адам — 34 жаштагы келин жана анын беш баласы (13, 11, 9, 6 жана 2 жашта) каза болгон.

Количество просмотров: 247