• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

6-декабрь. Күндүн ыргагы… Аялдардын түрмөсү, Акаевдин бийлегени, Аалымдын аялынын сүрөтү

6 Бештин айы 2017 19:47 Бишкек Govori.TV

Азыр кары-жаш дебей баардыгы интернетке үңүлүп отуруп калган учур. Ар бир нерсени калтырбай көргөн көпчүлүк үчүн Аскар Акаевдин тойдо бийлгени жага берди. Анын ордуна маанилүү бир нерсе жазсаң эч ким окубайт. Бирок мындай видеону көргөндөр, жактыргандар, бөлушкөндөр арбын болот.

https://www.youtube.com/watch?time_continue=2&v=cbRrgMGk3cQ

Эки аптадан бери коомчулукту дүрбөлөңгө салып жаткан Чубак ажы Жалиловдун экинчи аялынын сүрөтү бүгүн limon.kg порталына чыкты. Чын эле ушул аялбы  же башкабы аны эч ким айта албайт. Ар бир сөзгө жооп айткан Акин Токталиев дагы, Чубак ажы дагы бул сүрөт тууралуу ак же көк деп пикирин айткан жок.

Аял темасын улай. Бүгүн Степной айылында жайгашкан аялдардын түзөтүу колониясында, отряддар арасында КВН боюнча мелдеш өттү. ВИЧ СПИД күнүнө арналган иш чарага эркинен ажыратылган аялдар аябай жакшы даярданышкан. Бул иш-чараны карап туруп, түрмөдө деле кадимки эже-карындаштар отурат турбайбы деген ойго келесиң.

Кем-карчы түгөнбөгөн мектептерге акча чогултуу маселесине биринчи кезекте мамлекет күнөөлүу болуш керек эле. Бирок биз мугалимдерди айыптаганды адат кылып алдык. Атүгүл бүгүн Миң-Куш  шаарчасынынын мектебинде иштеген бир мугалим жумуштан айдалды. ал окуучулардан акча сурап жатып, «битиңерди сыгып, канын жалагыла»  деген фразеологизмди колдонуп жиберген. Мугалимдин бул сөзүн окуучулар жазып алып, интернетке чыгарышкан. Бул окуянын арты менен Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысына эскертүү берилди.

Конституциянын жаӊы редакциясы менен жашай баштадык. Тагыраагы биз эмес, саясый элита. Аскарбек Шадиевди Жогорку Кеңеш биринчи-вице-премьер-министр кызматына 98 добуш менен бир добуштан бекитти. Конституциянын 1-декабрда күчүнө кирген 72-беренесине ылайык Аскарбек Шадиев депутаттык мандатын жоготпой туруп өкмөттө иштеген Кыргызстан тарыхындагы алгачкы вице-премьер болуп калат.

Ал эми депутат Алтынай Өмүрбекова ( “Республика-Ата-Журт” ) вице-спикерликтен өз каалоосу менен кетти. Бир жарым жыл вице-спикер болуп отурган Алтынай Өмүрбекова депутаттарга ыразычылык билдирип, аларды уят кылбаганын кошумчалады.

   Акордонун маалымат-кызматы Казакстан менен Кыргызстандын президенттери телефон аркылуу сүйлөшүштү деп кабарлады. Жээнбеков менен Назарбаев 2-декабрда Астанада эки өлкөнүн өкмөт башчылары кол койгон Жол картасы тууралуу сүйлөшүп, Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевге чегарадагы күчөтүлгөн текшерүүнүн алынганы үчүн ыраазычылык билдирген.

Бул учурда декабрь айынын башынан бери Орусияга Кыргызстан менен Казакстандан барган 76 тоннадан ашык азык-түлүк киргизилбегендиги белгилүү болуп, бул тууралуу Россельхознадзордун Новосибирск облустук башкармалыгынын расмий сайты жазып чыкты.

Экономика тармагына келсек, Улуттук банк дагы интервенция жасап, валюталык рынокко чыгып, 6 миллион 750 миң доллар сатты.  Бул декабрдагы экинчи интервенциясы, биринчи жолу 5 миллион 950 миң доллар саткан.

Эскерте кетсек ноябрь айында банк рынокка жалпысынан 9 жолу интервенция жасап 42,7 миллион доллар саткан.

Экономист Искендер Шаршеев баасынын көтөрүлүшүнө АКШнын валюта базарында жүргүзүп жаткан саясатынан тарта Кыргызстандын экспортунун азайып кетишине чейин таасир этип жаткандыгын белгилейт.

 

 Акыркы эки жумадан бери эки аял темасы күндүн ыргагынан түшө элек. Бул маселеге эми укук тармагынын өкүлдөрү дагы аралашып, Конституциялык палатанын мурдагы мүчөсү Клара Сооронкулова көп аял алуу үчүн моралдык зыян катары компенсация төлөө тартибин киргизүүнү сунуштады. Анын пикиринде, нике келишиминде күйөөсү экинчи аял алгандыгы үчүн биринчи аялына төлөп бериши керек болгон моралдык зыяндын суммасы көрсөтүлүшү керек. «Көп аялдуулукка тыюу салган берене укуктук натыйжага ээ эмес. Тилекке каршы, көп аялдуулук институту эркектердин гана эмес, экинчи аял болууга даяр аялдардын арасында дагы суроо-талапка ээ. Аялдардын укуктарын коргогон башка укуктук механизмдер иштеши керек. Мисалы, нике келишим институту. Экинчи аял алгысы келгендер моралдык зыян үчүн биринчи аялына компенсация төлөшү керек жана анын көлөмү нике келишиминде көрсөтүлүшү керек», — деп эсептейт Сооронкулова.

Күндүн суукташы менен калктын социалдык жактан камсыз болгон катмары кайрадан кыйынчылыкка туш болууда. Борбор калаада жана облустун борборлорунда көчөдө тоӊуп-үшүгөн үй-жайсыз селсаяктардын саны өсүүдө.

Акыркы  күндөрү балдар темасы алдыга чыгып, алардын укуктары тууралуу маселе арбын көтөрүлүүдө. Мунун өзү коом кайдгер карабаса келечек ээлеринин татыктуу тарбия алышына негиз түзөөрүн билдирет.Балдардын саламаттыгы  негизги орунда болгондуктан, Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы республикалык  иммунопрофилактикалык  борбору Европа өлкөлөрүндо кызамык жана кызылча оорулары былтыркыдай эле күч алгандыгын белгилеп, балдарды эмдетүүгө чакырды.

Ал эми  Бишкек шаарындагы №3 медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасындагы сынык жаракаттарды кабыл алуу бөлүмүнө кайрылган жаш балдардын саны күн санап көбөйүп жаткандыгын оорукананын сынык жаракаттарды кабыл алуу бөлүмүнүн башчысы Жылдызбек Муканов маалымдады. Балдардын ден соолугуна кам көрөлү.

 

Количество просмотров: 36