• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

6-февраль. Күндүн ыргагы. Карадалы “Мегаком”… Мадумаров уялганда… Бажынын “быжысы” эми чыгабы?

6 Бирдин айы 2018 20:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 06.02. 2018. Govori.TV

Оффшорлордун “ортомчусунун” кызыгуусу артып…

Өлкөбүздөгү “Кумтөрдөн” кийинки эле кирешелүү катары саналган мамлекеттик ишкана “Мегакомду” Өкмөт сатыкка чыгарганына бир жылга чукул убакыт болду. Жогорку Кеңештин жоон топ депутаттары, коомчулук, жарандык активисттер бул киреше берип жаткан ишкананын сатылышына каршы чыкканы менен Өкмөт көшөрүп, көздөгөнүн бербей турат. Бирок, эмнегедир жуучулар аз түшүүдө. Алгач, Орусиялык ишкер айым, африкада өлкөлөрүнөн чай ташыган Елена Нагорная аттуу айым “Мегакомго” кызыкты эле, жарандык коом тез эле анын бул мобилдик компанияны сатып алууга кудуретсиз экенин, анын каражаты жоктугун, Орусиянын камакка алынган мурдагы Бажы кызматынын башчысы Андрей Бельянинов  менен кандайдыр бир байланышы бар экендигин ачыктап салгандан кийин, ал тынчып калган.

Андан кийин  болсо “Мегакомду” сатып алууга кызыккандыгын «АКА минералз энд майнинг» аттуу ЖЧК билдирген. Ал болсо “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыра турган компаниялардын бири, кытайлык “Хуайвей” компаниясынын өнөктөшү болуп чыкты. Бирок, бул компания эч кандай маалыматтык технологиялар менен алектенбеген, кен казуу боюнча ишмердик жүргүзгөн, бирок, колунда бир да кенди иштетүү, изилдөө боюнча лицензиясы жок, башкы кеңсеси Бишкектеги кайсы бир кафеде жайгашкан, шектүү компания болуп чыга келди. Азырынча, маммүлктү башкаруу боюнча фонд бул компаниянын илик-жатышын иликтеп жаткан чагы.

Бүгүн болсо аталган фонду “Альфа Телеком”  ЖАКсынын(Мегаком)  10 пайыз акциясын сатып алууга ALF Consulting SA  аталышындагы чет элдик компаниядан сунуш түшкөнүн билдирди. “Азырынча, бул компания кандай ишмердик менен алектенет, канча каражаты бар, кандай репутациясы бар экендиги тууралуу эч маалыматыбыз жок. Алар электрондук почта аркылуу арызын таштады, биз тиешелүү мамлекеттик органдар, ТИМ менен бирге  менен бирге текшерип чыгабыз”,-деди маммүлктү башкаруу фондунун башчысы Ренат Тулебердиев.

Ал эми биздин жекече изилдөөбүздүн алгачкы жыйынтыктары боюнча ALF Consulting SA компаниясы Швейцарияда, Женева шаарында катталган консалтинг жана менеджмент кызматтарын көрсөткөн компания болуп чыкты. 2004-жылы негизделген бул компаниянын уставдук капиталы 100 миң швейвар франкын түзүп, беш штаттык кызматкери менен жыл сайын 1,38 миллион доллар киреше табаары көрсөтүлгөн. Директору болуп Патрик Биттель атуу жарандын ысымы жүрөт.

Дагы бир кызык маалымат, гуугл издөө системасы аркылуу чыккан маалыматтардын биринде бул компания Панамада катталган 496 оффшордук компанияга ортомчулук кылаары көрсөтүлгөн. Демек, ушундан улам тиешелүү органдар кечээки чехиялык “Лиглас” сыяктуу көз бойомочу компаниялардын кылтагына түшүп калбашы үчүн, жети өлчөп, бир кескени туура болот көрүнөт…

Мадумаров эмнеден уялат?

Бүгүн, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров маалымат жыйынын өткөрүп, ичиндеги кайнаган букту сыртка жайнатып салды. Ал чү дегенде эле бүгүн парламентте оппозиция жоктугун, парламенттеги өздөрүн оппозициямын деген депутаттар өздөрүн гана сооротпосо элди соорото албай турганын белгиледи. “Оппозиция болуп төрөлүшү керек. Кызматтан кеткендер кыйкырып оппозиция болуп чыга келишет. Алар кызматтын кулу. Биз саясий партия дегенге даяр эмеспиз. Атасы, апасы, баласы ар башка партияга иштейт. Алар бири-бирине «кайсы партия өтсө ошого тартасың» дешет”, — деди ал.

 

Андан ары Бишкек ТЭЦинин авариялык абалына токтолуп, “Бишкек ЖЭБинде авария болуп, оор кырдаал болду. Бирок нааразычылык билдирген элди көргөн жокмун. Алар «менин үйүмө тийбесе болду» деген пикирде. Депутаттык комиссия түзүлдү. Бизде комиссия иштин аягына чыкпайт. Боинг кырсыгы, Батукаевди өлкөдөн чыгарып жиберген боюнча түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгы чыккан жок. Депутаттык эмес, мамлекеттик комиссия түзүү зарыл. 386 миллион доллар эбегейсиз чоң суммадагы акча. Орусияда 200 миллион долларга жетпеген каражатка аэропорт жаңыланган. Биздин өлкөдө 386 миллион долларга 4 от казанын алмаштырабыз. Бишкек ЖЭБиндеги болгон окуя бүтүндөй коррупциялашкан системди көрсөттү. Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында 400 мегаваттык ЖЭБди 349 миллион долларга курган”, — деди Мадумаров.

Ошону менен бирге эле бүгүн ачкачылык кармап жаткан, саясий куугунтуктун курмандыгы делген саясатчылар боюнча токтолуп, “Мен ачык айтайын, адилет сот системи болсо ачкачылык жарыялаган саясатчыларга кам санабайт элем. Алардын айткан сөздөрү бүгүнкү кырдаалга жооп берип жатат. Алар эмне кылсаңар ошону кылгыла деп жатышат. Бул алардын жашоодон түңүлүп жатканынан кабар берет. Эл мөңгүсүн казып жатса да «менин көчөм эмес, менин үйүм тынч болсун» деп калды. Так айтыш керек бул көрүнүш Кыргыз мамлекетиндеги соттун чирип кеткенин далилдейт. Ачкачылык жарыялаган азаматтарга сабак, үлгү көрсөтүү мезгил келди. Алардын абалын көрүп кайдыгер карап турган элге рахмат. Эл шайлаган Жогорку Кеңештин депутаттарына дагы рахмат. Жогорку Кеңештин депутаттары коомдук транспорттордо жүргөндөн уялбай ушундай нерселерден уялсын. Азыр эл да, саясатчылар да сотторго ишенбейт. Талгарбеков, Жапаров, Текебаевдер акыйкатсыз камалды. Соттор бир кишинин колундагы камчы. Эмнеге соттоп жатканын өзүлөрү да билбейт”, — деди саясатчы.

Бажыдагы абал бийликтин жогорку эшолонун “силкинтти”…

Бажы башчы Кубанычбек Кулматов жылдын башындагы бир айда эле былтыркыга салыштырмалуу бир миллиардка чукул сом каражатты бюжетке түшүрүп, бир эле Ош бажысынан күнүнө 13 млн. сомдон ашык каражат уурдалып жаткандыгы тууралуу айтканы коомчулукка чоң каптын оозун ачып койгондой эле таасир калтырды. ММКлар, социалдык тармактар, эл арасында “Кокууй, бир күндө бир эле бажыдан 13 млн. сом уурдалса, демек, бажынын мурдагы башчылары миллиардер болуп кеткен турбайбы, каматыш керек, кустуруш керек” деп чуулдап калды. буга чейин Кубанычбек Кулматовду бийликтин эрке баласы катары сыпаттагандар аны бир күндө эле “кризистик менеджер” катары көкөлөтүп жатып калышты. Ооба, чындыгында бажы тармагындагы салыштырмалуу сандар өтө олуттуу. беш жыл боюнча мынча каражат кымырылса, демек, мырдагы Президент Алмазбек Атамбаевдин тушундагылардын да бул солго солонгон каражаттар кабары болбой коюшу мүмкүн эмес. Демек, учуру келгенде азыркы президент Сооронбай Жээнбеков саясатчы Өмүрбек Бабановго жолдой турган 25 суроосун эми Алмазбек Атамбаев менен бажынын мурдагы башчы, орун басарларына берсе туура болот көрүнөт…

Ал эми айрымдар болсо бажыдагы бул жаңылык ошол Алмазбек Атамбаевдин командасы менен жаңы Президенттин, Өкмөт башчылардын ортосунда кандайдыр бир ажырымдар жарала баштаганын айтып жатышат. Анткени, Бажы тармагынын мурдагы жетекчи орун басары Райым Матраимов Сапар Исаковдун ишенимине татыбай кызматынан алынган соң, тармакта ушундай кирешелер болуп, жебенин учу ошол чиновникке карай бурулуп калды.  Бирок, Ошто таасири бар Матраимовдор азыркы Президенттин ишенген адамдарынын бири, андыктан, аларды  чекесинен чертирбей калкалап калышы мүмкүн….

 

 

 

Количество просмотров: 26