• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

6-кичи райондо жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу токтотулат

25 Бештин айы 20249:51 Бишкек Govori.TV

Бишкектин 6-кичи районунда жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу токтотулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 25-декабрда саат 08:30дан 18:00гө чейин жылуулук тармагындагы бузулууну жоюу максатында, 6-кичирайондо жылуулук жана ысык суу болбойт.

Белгиленгендей, суу түтүгүнүн жарылган жерлери аныкталып, ширетүү иштери пландалган.

Токтотуу төмөнкү үйлөргө тиешелүү:

6-кичирайондун №15, 16, 17, 18, 19, 20, 21, 22, 38, 39, 40, 41 үйлөрү. №44, 84 бала бакчалар, №56 орто мектеп.

«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы жарандардан убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.

Количество просмотров: 88