• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

6-кичи райондогу өрттөн каза болгон жигиттин өздүгү такталып, ижарачы камалды

17 Кулжа 202014:17 Бишкек Govori.TV

Бишкектин 6-кичи районундагы өрттөн каза болгон жигиттин өздүгү такталып, ижарачы камалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өрттөн 25 жаштагы жигит каза болгон. Ал эми тез татымды ижарага алып иштетип жүргөн 31 жаштагы жаран убактылуу кармоо жайына киргизилген.

«Кылмыш кодексинин 261-беренеси (‘Өрт коопсуздугунун эрежесин бузуу’) боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөө иштери башталган. Сотко чейин тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө каза болгон адам 25 жаштагы жигит экени аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 15-июнда Бишкек шаарынын 6-кичи районундагы Юнусалиев менен Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишинде өрт чыгып, бир адам көз жумган.

Количество просмотров: 2601