Ноокен райондук соту 6 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаранды өмүр бою эркинен ажыратты. Бул тууралуу «Справедливость» укук коргоо коомунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, чечим 6-сентябрда чыгарган.
Окуя ушул жылдын 26-майында Ноокен районунда болгон. Анда 28 жаштагы П.А. мектепке чейинки даярдоо классында окуган алты жаштагы үч кызды тосуп алып, үйүнө тыт жегени чакырган. Ал кыздарга куурулган картошка менен жумуртка берип, ата-энелери тууралуу сураган. Андан соң ата-энеси ажырашкан кызды башка имаратка алдап алып барып, зордуктаганы маалымдалган.