• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

№61 мектептин директору Низовский кармалганы айтылууда

9 Баш оона 2022 22:10 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Е.Б.Якирдин атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин директору Юрий Низовский кармалды. Бул тууралуу Kaktus. Media өздүк булактарына таянуу менен жазды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Юрий Низовский “мыйзамсыз баюуга” шектелүүдө.

Ал эми айрым жергиликтүү маалымат сайттар анын УКМКга суракка чакырылганын жазып чыгышты. Маалыматтарга караганда, Низовский сурактан азырынча чыга элек. 

Атайы кызмат бул боюнча маалымат бере элек.

Эске салсак, буга чейин ата-энелер №61 мектептин директору Юрий Низовскийди өз ордунда калтырууну талап кылып митингге чыгышкан. Андан соң аларды билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев кабыл алган.

Количество просмотров: 493