• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

63 адам COVID жуктуруп, 2 бейтап каза болду

13 Тогуздун айы 2021 9:09 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 13-октябрга карата коронавирус дагы 63 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар:

Бишкек шаарында – 35,

Чүй облусунда – 16,

Ош облусунда – 1,

Талас облусунда – 1,

Ысык-Көл облусунда – 8,

Жалал-Абад облусунда – 2.

Акыркы суткада эки бейтап каза болду.

Бир күндө 122 адам илдеттен сакайып чыгып, бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 430 бейтап, амбулатордук түрдө 623 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 179 миң 492 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 174 миң 320 киши айыгып чыкса, 2 миң 624 адам каза болду.

Количество просмотров: 71