• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

64 жаштагы жаран Ысык-Көлдү 3 күндө велосипед менен айланып чыкты

10 Баш оона 2023 15:53 Бишкек Govori.TV

Балыкчы шаарынын 64 жаштагы тургуну Таштан Иманов Ысык-Көлдү 3 күндө велосипед менен айланып чыкты. Бул тууралуу «Балыкчы Пресс» билдирет.

Таштан Иманов 7-августта Балыкчы шаарынан Ысык-Көлдүн тескей тарабы менен жолго чыккан. Бүгүн, 10-августта велосипед менен көл аймагын ийгиликтүү айланып чыгып, Балыкчыга кайтып келди.

Милициянын көчмө кабылдама унаасы жана жакындары Таштан Имановду шаардын кире беришинен бери коштоп келишкен. Аны жакындары аман-эсен кайтып келиши менен куттуктап, жылуу тосуп алышты.

Таштан Иманов эч кыйналбай эле барып келгенин, эртең мененки алтыдан кечки тогузга чейин жол жүрүп отурганын айткан. Ал көлдү ден соолукту чыңдоо жана жаштар арасында сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу, аларга үлгү көрсөтүү максатында айланып өткөңдүгүн билдирген.

Количество просмотров: 127