Бишкек.08.07.2019.Govori.TV.
Туура эмес маалымат тараткандыгы, аброюна, адамдык ар-намысына шек келтиргенине байланыштуу «Апрель» телеканалын жана журналист Канат Каниметовду ошондой эле дагы үч гезитти укук коргоо Турсунбек Акун сотко берди. Бул туурасында ал Govori.TV агенттигине билдирди. Аны менен телеканалды 500 миң сом, журналисти 100 миң сом айыпка жыгарын айтты. Ал эми, калган үч гезиттертерден 20-30 миңдин тегерегинде өндүрүүнү кошумчалады. Бирок, Турсунбек Акундун максаты акча өндүрүү же маалымат булактарын жаптыруу эмес. Андыктан алар расмий кечирим сурашса кечирүүгө даяр. Эгерде андай болбосо, сот залынан жолукмакчы. Каражатты болсо балдар үйүнө өткөрүп берерин айтты.