• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

68 адам вирус жуктуруп, 2 бейтап каза болду

13 Аяк оона 202110:28 Бишкек Govori.TV

13-сентябрга карата коронавирус 68 адамдан жаңы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Жаңы учурлар:

Бишкек шаарында – 31,

Ош шаарында – 3,

Чүй облусунда – 15,

Нарын облусунда – 4,

Ысык-Көл облусунда – 8,

Жалал-Абад облусунда – 4,

Баткен облусу – 3 адам.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 2 бейтап каза болду.

Ал эми бир суткада 95 адам илдеттен сакайып чыккан. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 649 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 21 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 177 миң 226 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 171 миң 523 киши айыгып чыкса, 2 миң 574 адам каза болду.

Количество просмотров: 116