КР МинКаб төрагасы Акылбек Жапаров пенсияны индексациялоо жөнүндө токтомго кол койду. Токтомдо 1-октябрдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн индексация жасоо коэффициенти 1,18 болору аныкталган.
Токтом президенттин “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган пенсияларды 2024-жылдын 1-октябрынан тарта индексациялоо боюнча чаралар жөнүндө” жана республикалык бюджеттин каражаттарын натыйжалуу пайдалануу максатындагы» жарлыгын ишке ашыруу үчүн кабыл алынды.
КР Социалдык фондуна 1-октябрдан баштап ушул күнгө чейин дайындалган пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн 1,18 коэффициентке, бирок 1000 сомдон кем эмес индексациялоо тапшырылды. Кошкондон кийин да жалпы суммасы 6900 сомдон төмөн болгон пенсиялардын базалык бөлүгүн да 6900 сомго чейин жеткирүү керек.
“Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан кийин дайындалган пенсиялардын жалпы суммасы үстөктөрдү эске алуу менен 6900 сомдон кем болбошу керектиги да белгиленди.
КР Министрлер Кабинетинин бул токтому ушул жылдын 1-октябрынан тарта күчүнө кирет.