• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

7-декабрда күтүлгөн аба ырайы

6 Бештин айы 202417:34 Бишкек Govori.TV

7-декабрда Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз -2 … +3,

Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -2 … +3,

Баткен облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз + 1… + 6,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -3…-8, күндүз 0 … +5,

Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -2 … -7.

Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз 0…+2 градуска жетет.

Количество просмотров: 234