7-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28,
Таласта түнкүсүн 3…8, күндүз 21…26,
Ош, Баткен, Жалал-Абадда түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27,
Нарында түнкүсүн 2…7, күндүз 23…28 градус.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 26…28 градус.