• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

7-сентябрда күтүлгөн аба ырайы

6 Аяк оона 202416:35 Бишкек Govori.TV

7-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, тоолуу райондорунда карга айланат.

Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт. Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын мол жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 13…18;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 12…17;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндуз 19…24;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндуз 14…19;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20 градус жылуу болот.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн 14 метрге жеткт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10°, күндүз 16…18° жылуу болот.

Количество просмотров: 181