• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«7 сомдук тамакты жеп көрдүңүз беле?» Депутат министрдин орун басарын кекетти

21 Бирдин айы 2022 18:08 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Айгүл Айдарова «мектеп окуучуларына берилген 7 сомдук тамакты жеп көрдүңүз беле?» деген суроону билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбековага узатты.

«Бала, келечек, мамлекет деп жатабыз. Калп эле күйүмүш болуу менен кулакка «лапшаны» илип… 7 сомдук тамакты жеп көрдүңүз беле?», — деди депутат.

«Азык-түлүктүн баасы кымбаттай электе тендер өткөрүп, тамак жеткирүүчү компаниялар келчү. Азык-түлүктөрдүн баасы кымбаттагандан кийин дароо Финансы министрлигине кайрылуу жолдодук», — деп жооп берди Надира Жусупбекова.

Депутат: » 7 сомдук тамак жеп көрдүңүз беле деп сурадым. Мен кымбаттадыбы же арзандадыбы деген суроо берген жокмун».

Жусупбекова: «Мага суроо бергенден кийин жооп бергенге мүмкүнчүлүк бериңиз. 7 сомду өзүнчө алып тамак жасабайт».

Количество просмотров: 1179