• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров: «Айрым депутаттар “тигил тарап, бул тарап” деп бөлүүгө аракет кылышты»

11 Жалган куран 202611:34 Бишкек Govori.TV

Бөлүнүп-жарылуу мамлекеттүүлүккө коркунуч жаратат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

“Жакында Жогорку Кеӊеште бир окуя болду. Аны баарыӊыздар жакшы билесиздер. Айрым депутаттар “тигил тарап, бул тарап” деп бөлүүгө аракет кылышты. Бирок убагында токтотуп калдык. Мага элдин элегинен өтүп шайланып келген эл өкүлдөрү сиздер ушинтип отурсаӊыздар карапайым эл каякка барат деген ой келди.

Урматтуу депутаттар, элдин элегинен өтүп, шайланып келген эл өкүлдөрү сиздер ушинтип отурсаңыздар, карапайым эл каякка барат деген ой келди мага. Ошондуктан мындан ары андай терс иштерди жасабайлы, мындай бөлүнүп-жарылуу мамлекеттүүлүккө коркунуч жаратат», — деди өлкө башчысы.

Президент белгилегендей, ал башынан эле бөлүнүү деген түшүнүктү түп-тамыры менен жоюуну максат кылган. Акыркы беш жылда бул түшүнүк дээрлик жоголду.

«Мисалы, акимдерге, судьяларга жана башка мамлекеттик кызматкерлерге карата жүргүзүлгөн ротация бүгүн жакшы жыйынтыктарды берип жатат», — деп кошумчалады Жапаров.

Количество просмотров: 153