Оштогу Жапалак айыл аймагындагы 16 гектар жерде жапайы өскөн кара куурай өрттөлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 8-августан 12-августка чейин Ош аймагында “МАК-2022” деп аталган атайын операция жүргүзүлүүдө.
Анын алкагында 13 айылда 7 тоннага жакын жапайы өскөн кара куурай табылып, өрттөлүп жок кылынган.