• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Каптагаев: Жапаровдун иши кайра каралып, ал акталышы керек

2 Аяк оона 201918:53 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаев камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун иши боюнча Башкы прокурорго ачык кат жазганы тууралуу Govori.TVга билдирди. Анда Каптагаев өзүн барымтага алуу боюнча Садыр Жапаровдун катышын тастыктаган бир да күбө болбогонун жана эч кандай дооматы жок экенин билдирип, Жапаровдун иши кайрадан каралып чыгуусу керектигин айтты.

Количество просмотров: 109