• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

77 жаштагы кыргызстандык Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына велосипед менен сапар алды

1 Баш оона 202414:48 Бишкек Govori.TV

77 жаштагы кыргызстандык V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына велосипед менен сапар алды.

Мамыт Таштанов жалпы 2016 чакырым жолду түрк тилдүү мамлекеттердин элдеринин достугун бекемдөө максатында басып өтөт.

Ал 2022-жылдын 5-августунда Түркиянын Изник шаарында өткөн IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына велосипед менен барган.

Ош шаарынын мэриясынан маалымдашкандай, бүгүн, 1-августта Ош шаарынын борбордук аянтында V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Казакстандын Астана шаарына жол алган 77 жаштагы Ош шаарынын тургуну Мамыт Таштановду узатуу аземи болду.

Иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, карыянын жакындары катышты. Анда Мамыт Таштановго Ош шаарынын мэриясы тарабынан акчалай жардам көрсөтүлдү.

Количество просмотров: 285