• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

8-9 саатка созулду. Биринчи жолу жасалып жаткан боор алмаштыруу операциясы ийгиликтүү аяктады 

11 Кулжа 2024 9:27 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда биринчи жолу жасалып жаткан боор алмаштыруу операциясы ийгиликтүү аяктады. Бейтаптардын гемодинамикалык көрсөткүчтөрү туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ооперация 8-9 саатка созулуп, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев баштаган түркиялык жана кыргызстандык адистерден турган дарыгерлер тобу тартылган. Реципиенттин да, донордун да гемодинамикалык көрсөткүчтөрү туруктуу.

«Операциянын жыйынтыгы биз үчүн канааттандырарлык болду, донордук боор трансплантациядан кийин дароо иштей баштады, бул бейтаптын андан ары сакайып кетиши үчүн жакшы жышаан», — деп белгиледи министр.

Операцияга катышкан адистер саламаттык сактоо министри менен биргеликте ооруканада нөөмөт иштерин улантып, бейтаптардын абалына көз салып, аларга керектүү медициналык жардам көрсөтүүдө.

Белгилей кетсек, 10-11-июнда Кыргызстанда биринчи жолу кыргыз-түрк достугу ооруканасында боор алмаштыруу операциясы жасалууда. Операцияга кеткен чыгымдардын баары КР президентинин фондунан каржыланып жатат. Алгач операцияны өткөрүү үчүн ооруканага керектүү каражаттарды жана жабдууларды сатып алууга аталган фонддон 1 млн доллар бөлүнгөн.

Количество просмотров: 770