• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

8 адамдан коронавирус табылып, 1 бейтап каза болду

22 Жалган куран 2022 8:51 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 22-мартка карата коронавирус 8 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Жаңы учурлар:

Бишкек шаарында – 5;

Чүй облусунда – 1;

Ош облусунда – 2.

Акыркы суткада 11 адам илдеттен сакайып чыкса, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 89 бейтап, амбулатордук түрдө 78 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 826 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 94 киши айыгып чыкса, 2 миң 981 адам каза болду.

Количество просмотров: 63