Уюшкандык менен Орусияга иштегени жөнөтүлгөн өзбекстандык эмгек мигранттарынын саны жыл башынан бери 12 эсеге көбөйүп, 20 миңден ашты. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы эмгек миграциясы боюнча агенттиги билдирди.
Январь-август айларында 28,2 миңден ашык өзбек жараны чет мамлекеттерге акча табуу үчүн кеткен. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 7,5%га көп.
Популярдуулугу боюнча экинчи жана үчүнчү орундарды Түштүк Корея (3,18 миң мигрант) жана Улуу Британия (1,8 миң) ээлейт. Андан кийинки орундарда Казакстан (812 жумушчу), Германия (387) жана Түркия (194) турат. Ошондой эле аз сандагы өзбек жарандары Румыния, Болгария, Жапония, Литва, Польша жана Латвияда иштешет.
Өзбекстандын жарандарын уюшкандык менен Орусиянын курулуш тармагында иштөөгө жөнөтүү орус өкмөтүнүн 2021-жылдагы токтому менен ишке ашууда.
Өзбекстандын тиешелүү мекемелеринин маалыматы боюнча, чет өлкөлөрдө туруктуу иштеген өзбек жарандарынын саны 2 миллиондон ашат, алардын 60%дан ашыгы Орусияда иштейт.