• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

8-февралга аба ырайы

7 Бирдин айы 2024 14:09 Бишкек Govori.TV

Эртең, 8-февралда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр карга айланат. Жолдорго муз тоңот. Баткен облусунда жаан-чачын болбойт. Батыштан жел согуп турат, күндүз айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге чейин шамал болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6;

Талас жергесинде түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндуз 5…10;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5;

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндуз -1…-6;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-27, күндүз -5…-10°;

Бишкек шаарында түнкүсүн -1…-3°, кар жаайт, күндүз 3…5°, жамгыр жаайт.

Количество просмотров: 311