• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

8 комитет, 3 вице-спикер. Депутаттар парламенттин түзүмүн жактырды

12 Үчтүн айы 202213:39 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-январда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар парламенттин түзүмүн жактырды.

Жалпы жыйында 72 депутат “макул”, экөө “каршы” добушун берди.

Сегиз комитет түзүлдү:

  • Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитети;
  • Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты комитети;
  • Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент комитети;
  • Финансы-экономикалык саясат комитети;
  • Социалдык саясат, билим берүү, маданият, илим, саламаттык сактоо, спорт жана жаштар саясаты комитети;
  • Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү комитети;
  • Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети;
  • Агрардык саясат, суу ресурстары жана региондорду өнүктүрүү комитети.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасынын үч жардамчысы болот.

Количество просмотров: 100