• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

8-мартка карата Сердар Бердымухамедовдун атынан айымдарга акчалай белектер тапшырыла баштады

5 Жалган куран 2023 12:20 Бишкек Govori.TV

Түркмөнстанда 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата президент Сердар Бердымухамедовдун атынан айымдарга акчалай белектер тапшырыла баштады. Бул тууралуу Кактус медиасы «Туркменистан. Золотой век» жазган маалыматына таянып жазды. Ага ылайык, бардык кыз-келиндерге 60 манат (17 доллар) берилет.

Түркмөнстанда айымдарга президенттин атынан 17 доллардан берилет

Белгилендей, президенттик белектерди биринчилерден болуп бала бакчанын тарбиялануучулары алышты.

Түркмөнстандын президентинин буйругуна ылайык, 1-марттан 6-мартка чейин менчигинин түрүнө карабастан ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштегендерге, пенсия жана жөлөк пул алгандарга, аспирантурада, докторантурада, клиникалык ординатурада окугандарга жана президентке караштуу мамлекеттик академияда 2 жылдан кем эмес мөөнөттө билим алгандарга акчалай сыйлык тапшырылат.

Количество просмотров: 323