Буга чейин Талас районунун Шекер айылынан 10 жаштагы баланын Казакстан менен чектеш жерде мал багып жүргөн видеосу социалдык тармактарга тарап, коомчулукта резонанс жараткан.
Бала ата-энесине жардам берип, мал жайып жүргөнүн айткан. Ошондой эле маектердин биринде ал келечекте милиционер болууну кыялданарын билдирген.
Муну билген милиция кызматкерлери мектеп окуучусуна сюрприз жасоону чечти.
Бүгүн кичинекей Бектурган Ички иштер министринин атынан белектерди алды. Милиция кызматкерлери Бектурганды билим күнү менен куттуктап, атайын белектерди тапшырып, келечекте элине кызмат кылган татыктуу милиция кызматкери болууну каалашты.
Белгилей кетсек, 10 жаштагы Бектурган Бишкектеги мектептердин бирине которулган.