• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

8 жаштагы бала каналга түшүп кетип каза болду

16 Аяк оона 202210:36 Бишкек Govori.TV

Алтын-Ордо конушунда 8 жаштагы бала каналга түшүп кетип каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минристрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Октябрь районунун Алтын-Ордо конушундагы Кадырбай-Ата көчөсүндө каналга (быстроток) 2014-жылы туулган Н.А. аттуу жаш бала түшүп кеткен.

Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 5 куткаруучу тартылып, аталган жаш баланын жансыз денесин Калинин жана Набережная көчөлөрүнүн кесилишинде суудан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Количество просмотров: 32