• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ошто айдоочу унаасы менен каналга түшүп кетти

18 Тогуздун айы 202215:32 Бишкек Govori.TV

Ошто «Увам» каналына унаа менен кошо түшүп кеткен жаран куткарылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

18-октябрь түнкү саат 03:30дар чамасында ӨКМге Кулматов көчөсүндө “Lexus S933” үлгүсүндөгү унаанын ээси рулга ээ боло албай Увам каналына оодарылып, түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

«Куткаруучулар жерине барган учурда унаанын ичинде жаран бар экендиги аныкталган. ӨКМдин Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, 25 жаштагы Ж.А. аттуу айдоочусун каналдан чыгарышкан. Учурда абалы жакшы»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 157