• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

8 жаштагы баланын сөөгү каналдан табылды

9 Баш оона 2022 15:50 Бишкек Govori.TV

8 жаштагы баланын сөөгү Ош-Араван каналынан табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 8-август күнү Туран кичи районунда агып өткөн Ош-Араван каналына 2014-ж.т. С.А. аттуу жаш бала түшүп кеткен. Маалымат түшөр замат 19 куткаруучу тартылып издөө иштери башталган.

Бүгүн жерине издөө иштери уланып, жалпы 60 куткаруучу тартылган.

Издөө иштеринин натыйжасында саат 10:55те куткаруучулар тарабынан жаш баланын сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Эскерте кетсек 2022-жылдын башынын республика боюнча 69 адам чөккөн, анын 35 жашы жетелек балдар.

Количество просмотров: 108