• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

8 жаштагы кызды урган эне 4 баласынан ажыратылат

13 Жалган куран 2018 13:50 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 13.03.2018. Govori.TV
Алгач сабалган кыздын төрөгөн энеси ата-энелик укуктан ажырайт. Бул тууралуу Аламүдүн райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Тилек Миңбаев маалымдады.
«Кыздын төрөгөн энеси Жумгал районунда катталган экен. Биз кесиптештерге кайрылып, жардам сурадык. Кыздын ден-соолугу канатандыраарлык. Ал ачык эле өгөй энеси ургандыгын айтып жатат. Кылмыш иши ачылды. Эгер күнөөсү далилденсе ал үй-бүлөнүн 4 баласынан айрылат. Токмок жеген кыз, анын 10 жаштагы агасы атасынын биринчи никесинен, андан сырткары эки баласы бар экен дейт»,- Тилек Миңбаев. 
Эске салсак 10-марттан 11-мартка караган түнү «Тез жардам» кызматы денеси көк-ала болгон кызды балдардын ооруканасына алып келген. Дарыгерлер дароо милицияга кабарлаган.  Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү  тарабынан «Адамдын ден-соолугуна атайлап зыян келтирүү» беренеси боюнча иш козголгон.

 

 

Количество просмотров: 15