Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мыктыбек Абдылдаев 8-июнда Бишкекте 73 жашында дүйнөдөн кайтты.
Мыктыбек Абдылдаев Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылында туулган. Ал Кыргызстандын Башкы прокурору, ички иштер министринин биринчи орун басары, Президенттик администрациянын жетекчиси жана Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кызматтарында эмгектенген.
2010-2021-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болуп, мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетти жетектеген.