• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

8 жаштагы кыздын өгөй энеси камалып, балдары алынды

14 Жалган куран 2018 12:07 Бишкек Govori.TV
Денеси көк-ала болуп ооруканага түшкон 8 жаштагы кыздын өгөй апасы Бишкектеги убактылу кармоочу жайга камакка алынды.
Аламүдүн райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын маалыматында:
«Кордук көргөн кыз ооруканада жатат. Анын бир тууган агасы өз энесинин туугандары табылгыча реабилитациялык борборго өткөрүлдү. Апасына айып тагылгандан кийин анын эки кичуу баласын дагы алып, Бишкектеги балдар үйүнө жеткирүүгө аргасыз болдук»,-дейт  Аламүдүн райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы.
Эске салсак 11-март түнү 8 жашар кыз денеси көк-ала болуп №3-балдар ооруканасына «тез жардам» менен жеткирилген. Ал нан жегени үчүн өгөй энеси үстөл менен башка чапканын айткан.

 

Количество просмотров: 21