• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Кыргызстан авиакоопсуздук боюнча ЕБдин “кара тизмесинен” чыгарылды

8 Кулжа 202622:02 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан Европа биримдигине учууларга тыюу салынган аба аркылуу ташуучулардын тизмесинен чыгарылды.

Европа комиссиясынын Мобилдүүлүк жана транспорт боюнча башкы директоратынын билдирүүсүндө маалымдалгандай, Кыргызстанда тастыкталган бардык аба аркылуу ташуучулар ЕБге учууларга тыюу салынган авиаташуучулардын тизмесинен чыгарылды.

Чечим ЕБдин Учуулар коопсуздугу боюнча комитетинин (ASC) 2026-жылдын 19-21-майындагы жыйынынын жыйынтыгы менен кабыл алынды жана ал Европа Комиссиясынын тиешелүү Регламенти менен таризделет.

Кыргызстан бул тизмеде 2006-жылдан бери турган.

Количество просмотров: 7