80 жаштагы аксакалды сабаган жаш жигит азыр изделүүдө. Бул тууралуу Ош ОИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 18-август күнү болжол менен саат 13:15тер чамасында Кара-Суу районунун Савай айыл округунун тургуну 1939-жылы туулган карыя денесинен жаракат алып Кара-Суу райондук ооруканасына кайрылган.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде аксакалды себепсиз урган жаран Кара-Суу шаарынын 1984-жылы туулган тургуну аныкталган. Иш-чаралардын жүрүшүндө алынган маалымат боюнча шектүү дудук экендиги жана бүгүнкү күндө Бишкек шаарында жүргөндүгү белгилүү болгон. Улгайган адамды урган окуя 14-август күнү болгон. Жабырлануучу карыя окуядан төрт күн өткөн соң ооруканага кайрылган.
«Сотко чейинки өндүрүш иш боюнча окуяны көргөн жарандар суракка алынып, шектүүнү кармоо үчүн тиешелүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө»,-деп айтылат маалыматта.
Буга чейин социалдык тармактарда аксакалды бетке тээп, кийин аёосуз сабаган эргулдун видеосу жарыяланган болчу.